Тарыхы

                               

                       Ош шаарындагы  №12 Кесиптик лицейинин тарыхы

 

1956-жылы КПСС БКнын өкмөтүнүн чечимдерин ишке  ашыруу       максатында Ош шаарында 4 окуу тайпасынан турган Курулуш мектеби ачылган.

1959-жылы аталган мектеп №2 Курулуш окуу жайы деп өзгөртүлүп, сентябрь айынан баштап, 150 окуучуну кабыл алган. 1962-жылы Курулуш окуу жайынын окуучуларынын саны 350дөн ашып, 14 окуу тайпасынан турган Ю.А.Гагарин атындагы №12 Кесиптик — техникалык окуу жайы болуп кайра түзүлгөн.

Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин Мамлекеттик комитетинин талабына ылайык «Ошоблстрой» трести үчүн жаш жумушчу кадрларды төмөнкү адистиктерге даярдаган:

  1. Кыш кыноочу;
  2. Шыбакчы – сырдоочу;
  3. Мунара кранынын машинисти;
  4. Автослесарь;
  5. Слесарь – сантехник;
  6. Машинист – эксковаторщик;
  7. Жыгач уста;
  8. Газ жана электр менен ширетүүчү;
  9. Слесарь – электрик;
  10. Газ түтүктөрүн монтаждоочу слесарь;

Ал эми 1998-жылы 1-сентябрда Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин кесиптик билим берүү башкы башкармалыгынын коллегиясынын №14 чечиминин негизинде окуу жай №12 Кесиптик лицей болуп кайрадан түзүлгөн.  Окуу жайда кээ бир адистиктер жоюлуп, рынок экономиканын шартына ылайык, элдин суроо талабын канааттандыруу максатында радиотелемеханик, катчы-машинистка, тигүүчү-тигүү жабдууларынын оператору, чачтарач кесиптери ачылып, жумушчу кадрларды даярдаган.

Биздин окуу жай ушул мезгилге чейин түрдүү адистиктерге 20 миңден ашуун жумушчу кадрларды даярдап келүүдө. Бүтүрүүчүлөр дүйнөнүн чоң-чоң өнөр жайларында иштеп, Кыргызстандын өнүгүшүнө зор салым кошуп келишүүдө. Алардын алган дипломдорун 12 шериктеш мамлекет тааныйт.

Окуу жайды жетектеген инсандар: Петров Н.И, Асранкулов Б, Салихов К.М., Бейшембиев А.Б., Бектемиров М.А., Спиваков А.В., Дженалидзе А.Ш., Киселев А.П., Ваганов В.Я., Насыров С.Н.. Азыркы мезгилде окуу жайды Калмаматов  Бакалбай  Айтиевич жетектейт.

                                              

                                           Лицей бүгүнкү күндө

№12 Кесиптик лицейи жогорку квалификациялуу жумушчу кадрларды даярдап чыгарууда.  Бардык окуучулар  акысыз тамак – аш менен камсыз болушат  жана жакшы окуган окуучулар стипендия алышат.  9-класстын базасында тапшырган окуучуларга окууну бʏткөндөн кийин орто билим жөнүндө аттестат жана адистиги боюнча диплом берилет.

Жылдан –жылга  окуу жайда бир топ өзгөрүүлөр  болууда.  Мисалы: окуу жайыбыз  жылуулук  системасы менен камсыз  болду.

Окуу жайдын  ички  жана сырткы  жасалгасы  өзгөрдү.

Биздин окуу жайдын окуучулары окуу менен гана чектелбестен  түрдүү маданий иш-чараларга катышышат. Шаардык,  областтык  жана  республикалык деңгээлде  спорттук мелдештерге  катышып, байгелүү орундарды багынтып келет.

Сабактан  кийин окуучулар устаттары  менен  бирге  шаардын  кооз жерлерине, музейлерге экскурсияга  барышат  жана  чыгаан адамдар менен ишкана жетекчилер  менен жолугушуулар өткөрүлүп  турат. Окуу жылы ичинде «Кыргыз тили майрамы», «Алтын куз», «Лицей мырзасы», «Лицей периси», ж.б. конкурстар өткөрүлүп,  жеңүүчүлөр  баалуу  сыйлыктар  менен сыйланып турат.

Окуу жайдын жамааты бүгүнкү күндө98 ден ашуун инженер-педагогикалык  жана техникалык кызматкерлерден турат:

  1. Администрация башкаруу курамы —  7
  2. Педагогикалык курам  —   54(Устаттар-31).

3.Техникалык кызматкерлер  —  23.

4.Кенже тейлөө кызматкерлер  —  13.

Анын  ичинен баштапкы кесиптик билим берүүнүн мыктылары — 14

Билим берүү мыктылары -5

Новатордук идеялар үчүн  медалынын  ээси-1

Педагогика илимдеринин кандидаты – 1

3 жылдык   мөөнөт боюнча  4 кесип  окутуп жатат.

  1. Тигүүчү; тигүү жабдыктарынын оператору 3 жылдык
  2. Жыгач уста, жыгаччылык  жана паркетчи 3 жылдык
  3. Ширетүүчү (электр жана газ менен ширетүүчү) 3 жылдык
  4. Ашпозчу, кондитер, наавайчы 3 жылдык

10 айлык мөөнөт 5 кесип боюнча окутуп жатат.

  1. Чачтарач — визажист 10 ай
  2. Тигүүчү – бычмачы 10 ай
  3. Ашпозчу, кондитер 10 ай
  4. Электр жабдууларын ондоо жана тейлөө боюнча электро монтер 10 ай
  5. Санитардык –техникалык, желдетүү системаларын жана  жабдыктарын монтаждоочу; электр жана газ менен ширетүүчү 10 ай

Азыркы  кезде лицейде 650 окуучу бар. Биздин  лицейде көбүнчө аз камсыз үй бүлөлөрдөн,  жарым жана тоголок  жетим балдар окушат. Азыркы күндө

2 тоголок, 110  жарым жетим жана аз камсыз болгон үй бүлөлөрдөн  балдар окуп жатат. Бирок, бүгүнкү күндө  көпчүлүк  жаштар кесип алуу манилүү  экендигин да жакшы билип,  мыкты окуган окуучулар да жок эмес.

Биздин лицей кесиптик билим берүү тармагынын 75-жылдык маарекесинде 2016-2017-окуу жылынын  жыйынтыгы  боюнча кесиптик лицейлер арасында  Кесиптик техникалык  билим  берүү  агенттигинин

« Өтмө туусун»  жеңип алдык. Бул дагы биздин  окуучулар, мугалим,  устаттардын  зор ийгилиги болуп эсептелет. Ошондой эле окуу жайда ар улуттун  өкүлдөрү да билим алышат. Алардын  саны 28, быйылкы 2020-2021- окуу жылында  бүтүрүүчү  окуучулардын  саны-289.

Алардын:

80-тигүүчүлөр

24 — жыгач уста

77-ширетүүчү бүтөт.

24  чачтарач – визажист

28- Ашпозчу

28 — сантехниктер

28- Электромонтер

Булардын 154 окуучу 3 жылдык  мөөнөт менен окуп,бир эле убакта аттестат жана кесиптик дипломго  ээ болушту.

Бүтүрүүчүлөр азыркы мезгилде иш орундар менен да камсыз болушкан бирок  көпчүлүк бутуруучулор жумуш  жоктугунан  чет  жактарга кетип  жаткандыктары  окунучтуу. Бул  дагы  биздеги бир койгойлордон  болуп  эсептелет.

Шаарыбыздагы  ишканалар жана иш берүүчүлөр кесиптик лицейлер менен жыл бою тыгыз байланышта иш алып барышат.  М: тигүүчүлөрүбүз шаарыбыздагы «Сымбат»,«Дастан-Юг» жана башка ишканаларда, ширетүүчүлөрүбүз  ЖБИ лерде, чакан ширетүүчү цехтерде, курулуштарда, жыгач усталарыбыз эмерек жасоочу цехтерде М: «Амалкер» жеке ишканасы,  жеке жана чакан иш каналарда өз кесиптери менен эмгектенишет.

Лицей ошондой эле кыска мөөнөттө 3 айлык курстарда

жогорудагы кесиптер боюнча окушат. Кыска мөөнөттөгү курстарда  азыркы күндө жогорку билимдүүлөр да келип  кесип алышат. М: 2019 -2020  окуу жылына 300дөн ашуун  жаран окуп кетишип, сертификат алып кетишти.

2020-2021 окуу жылынын сентябрь айынан бери кырдаалга байланыштуу

Окуу жайда сабактар аралыктан жүргүзүлүп жатат.  Көпчүлүк окуучулар айыл жергесинен болгондуктан, бир топ кыйынчылыктар жаралууда , ошого карабастан мугалим, устаттар окуучулар менен тыгыз байланышта иштеп, жугуштуу оорулар жана алдын алуу боюнча тынымсыз иш чаралар жүргүзүлүп турат.

Сентябрь айында кыргыз –тил күнүнө 31 жылдыгына карата онлайн тил жумалыгы өткөрүлгөн.

1- Октябрь “Карылардын эл аралык күнүнө” карата окуу жайда улгайган агай, эжекелерге сый урмат көрсөтүлдү  жана Ош шаарынын улгайган тургундары  Кудряшев Александр жана  Кондратьева  Александраларга  акчалай  белек  берилди  жана майрамдык  каалоо тилектер окуу жай тарабынан айтылды.

Бүгүнкү күндө :

 3 жылдык   мөөнөт менен 4 кесиптик багытта окутуп жатат.

  1. Тигүүчү; тигүү жабдууларынын оператору
  2. Жыгач уста, жыгачылык  жана паркетчи
  3. Электр жана газ менен ширетүүчү
  4. Ашпозчу, кондитер, наавайчы

10 айлык мөөнөт менен 5 кесипке окутуп жатат.

  1. Чачтарач — визажист
  2. Тигүүчү – бычмачы
  3. Ашпозчу, кондитер
  4. Электр жабдууларын ондоо жана тейлөө боюнча электро монтер
  5. Санитардык –техникалык, желдетүү системаларын жана  жабдыктарын монтаждоочу; электр жана газ менен ширетүүчү

Азыркы  кезде кесиптик лицейде 620 окуучу бар. 201 кыз 419 эркек бала.

— 3 жылдык мөөнөт менен 464 окуучу

Биздин  лицейде көбүнчө аз камсыз үй бүлөлөрдөн,  жарым жана тоголок  жетим балдар окушат. Азыркы күндө 3 тоголок, жарым жетим жана аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн  балдар окуп жатат. Бирок, бүгүнкү күндө  көпчүлүк  жаштар кесип алуу манилүү  экендигин да жакшы билип,  мыкты окуган окуучулар да жок эмес.

Биздин лицей кесиптик билим берүү тармагынын 75-жылдык маарекесинде 2016-2017-окуу жылынын  жыйынтыгы  боюнча кесиптик лицейлер арасында  Кесиптик техникалык  билим  берүү  агенттигинин

« Өтмө туусун»  жеңип алдык. Бул дагы биздин  окуучулар, мугалим,  устаттардын  зор ийгилиги болуп эсептелет. Ошондой эле лицейибизде 7 улуттун  өкүлдөрү билим алышат.

Алардын ичинен

Өзбек -29

Орус-1

Татар -2

Азербайжан-1

Башкыр-1

Түрк-2

Бүтүрүүчүлөр азыркы мезгилде иш орундар менен да камсыз болушкан бирок, көпчүлүк бутуруучулор

жумуш  жоктугунан  чет  жактарга кетип  жаткандыктары  окунучтуу. Бул  дагы  биздеги бир койгойлордон  болуп  эсептелет.

Шаарыбыздагы  ишканалар жана иш берүүчүлөр кесиптик лицейлер менен жыл бою тыгыз байланышта иш алып барышат.  М: тигүүчүлөрүбүз шаарыбыздагы «Сымбат»,«Дастан-Юг» жана башка ишканаларда, ширетүүчүлөрүбүз  ЖБИ лерде, чакан ширетүүчү цехтерде, курулуштарда, жыгач усталарыбыз эмерек жасоочу цехтерде М: «Амалкер» жеке ишканасы,  жеке жана чакан иш каналарда өз кесиптери менен эмгектенишет

 2021-2022— окуу жылында  бүтүрүүчү  окуучулардын  саны-319.       

 Алардын:

49-тигүүчүлөр

22 — жыгач уста

67-ширетүүчү бүтөт.

24  чачтарач – визажист

77- Ашпозчу

28 — сантехниктер

24- Электромонтер

Булардан, 464 окуучу 3 жылдык  мөөнөт менен окуп,бир эле убакта аттестат жана кесиптик дипломго  ээ болушат.

10 айлык мөөнөт менен – 156 окуучу диплом  алышат.

Ошондой эле лицейде кыска мөөнөттө 3 айлык курстар боюнча окушат. Кыска мөөнөттөгү курстарда  азыркы күндө жогорку билимдүүлөр да келип  кесип алышат. М: 2019 -2020  окуу жылына 300дөн ашуун  жаран окуп, сертификат алып кетишти

Кыска 3 айлык мөөнөт менен  2021 жылы жалпы 158 окуучу бутушту:

ЦЗН – 90 окуучу

Контрактын негизинде – 68 окуучу

Жаңы 2022-жылга 109 окуучу  окуп жатат

Анын ичинен  ЦАБА тарабынан  59 окуучу   «Аракетчил» долбоору  тарабынан 2 кесип боюча:

“Ашпозчу” кесибине  – 30 окуучу,

“Тигуучу”кесибине – 29 окуучу окуп жатышат.