Тарыхы

                               

Ош шаарындагы №12 Кесиптик лицейинин тарыхы

     1956-жылы КПСС БКнын өкмөтүнүн чечимдерин ишке ашыруу максатында Ош шаарында 4 окуу тайпасынан турган Курулуш мектеби ачылган.

1959-жылы аталган мектеп №2 Курулуш окуу жайы деп өзгөртүлүп, сентябрь айынан баштап, 150 окуучуну кабыл алган. 1962-жылы Курулуш окуу жайынын окуучуларынын саны 350дөн ашып, 14 окуу тайпасынан турган Ю.А.Гагарин атындагы №12 Кесиптик-техникалык окуу жайы болуп кайра түзүлгөн.

Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин Мамлекеттик талабына ылайык “Ошоблстрой” трести үчүн жаш жумушчу кадрларды төмөнкү адистиктерге даярдаган:

  1. Кыш кыноочу;
  2. Шыбакчы – сырдоочу;
  3. Мунара кранынын машинисти;
  4. Автослесарь;
  5. Слесарь – сантехник;
  6. Машинист – экскаваторщик;
  7. Жыгач уста;
  8. Газ жана электр менен ширетүүчү;
  9. Слесарь – электрик;
  10. Газ түтүктөрүн монтаждоочу слесарь;

Жогорудагы аталган кесиптерге өз кесибин мыкты билген устаттар эмгектенишкен. Алар: Черников Анатолий Иванович (автослесарь), Монкоев Абдыкерим, Зулинов Абыджан, Турсунов Мухтар, Шматкова Галина Александровна, Мойдунов Тахир Мойдунович (сырдоочу), Апызов Сайпидин, Камашов Ысмайыл (кыш кыноочу), Макейкин Анатолий, Шерменкин А.И., Макогон С.И. (сварщик), Шарипов Изат, Адишов Абдирасул, Ибрагимов Розубай, Болушев Махамаджан, Аттокуров Нурмамат, Сулайманов Бакыт (жыгач уста), Апитаев Бекболот (крановщик) ж.б.

1998-жылга чейин жылда өтүүчү Кыргыз Республикасынын кесиптик — техникалык окуу жайларынын арасында өтүүчү көргөзмөгө биздин окуу жайдын устаттары да катышып, байгелүү орундарга ээ болушкан. 1990-жылы алтын колдуу устат Адышев Абдрасул Москва шаарында өткөн Бүтүл Союздук Эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүнө катышып, байгелүү орунга ээ болгон.

Союздун ыдырашы биздин окуу жайга тескери таасирин тийгизди. Себеби көптөгөн завод, фабрикалардын экономикалык байланыштары үзүлүп, алар өз ишин токтотту, башкача айтканда жабылды. Ошонун негизинде окуучулардын саны да кескин түрдө төмөндөп кетти. Алтургай кесиби бар жарандар ишсиз калышты.

Ал эми 1998-жылы 1-сентябрда Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин кесиптик билим берүу башкы башкармалыгынын коллегиясынын №14 чечиминин негизинде окуу жай №12 Кесиптик лицей болуп кайрадан түзүлгөн. Окуу жайда кээ бир адистиктер жоюлуп, рынок экономиканын шартына ылайык, элдин суроо талабын канааттандыруу максатында радиотелемеханик , катчы-машинистка, тигүүчү-тигүү жабдууларынын оператору, чачтарач кесиптери ачылып, жумушчу кадрларды даярдаган.

Биздин окуу жай ушул мезгилге чейин түрдүү адистиктерге 20 миңден ашуун жумушчу кадрларды даярдап келүүдө. Бүтүрүүчүлөр дүйнөнүн чоң-чоң өнөр жайларында иштеп, Кыргызстандын өнүгүшүнө зор салым кошуп келишүүдө. Алардын алган дипломдорун 12 шериктеш мамлекет тааныйт.

2002-2007-жылдары “Жыгач уста” кесиби боюнча Токой чарбаны колдоо максатында Кыргыз-Швейцариялык программасы модулдук окутуу боюнча Эл аралык долбоор менен иштедик. Долбоордун негизги максаты жыгач усталарды сапаттуу даярдоо болгон. Алар ар бир окуучуну аспаптар жана жабдуулар менен камсыз кылган жана 500 000 сомдон ашуун акча каражатын жумшаган. Ошондой эле модулдук окутуунун жаңы ыкмасын (интерактивдүү) киргизген. Устаттар Адишов Абдирасул, Шарипов Изат модулдук окутуу курстарынан өз билимдерин өркүндөтүп келишкен.

2009-жылдан 2010-жылга чейин Эл аралык Долбоор АБР (Азия өнүктүрүү банкы) менен иштешип, 5,5 млн акча каражатына устаканаларга жабдуулар берилди жана ремонт иштери бүткөрүлгөн.

№12 Кесиптик лицей 2011-жылы AVEP  коомдук фондусу жана ИККО фондусу (Евросоюз каржылайт) “Элет калкынын жумушка кайгашуусу жана кирешесин жогорулатуу максатында инновациялык жана заманбап кесиптик билим берүү системасынын камсыздоосун кеңейтүү” деген аталыштагы долбоор менен иштешти.  AVEP коомдук фондусу 1 млндон ашык акча каражатын кыска мөөнөттүү окуу курстарына жумшап жана окуу устаканаларын заманбап технология менен жабдыды.

Окуу жайды жетектеген инсандар: Петров Н.И., Асранкулов Б., Салихов К.М., Бейшембиев А.Б., Бектемиров М.А., Спиваков А.В., Дженалидзе А.Ш., Киселев А.П., Ваганов В.Я., Насыров С.Н.. Азыркы мезгилде окуу жайды баштапкы кесиптик билим берүүнү мыктысы, педагогикалык илимдердин кандидаты- Калмаматов Бакалбай Айтиевич жетектеп келет.

                                              

                              

 

 Лицей бүгүнкү күндө

Бүгүнкү күндө №12 кесиптик лицейи 620 окуучусу, чоң инженердик- техникалык тейлөө кызматкерлерден турган, тажрыйбалуу педагогикалык жамааты бар, материалдык-техникалык базага ээ болгон өзүнүн алдына белгилүү зор максатты койгон, өз келечегин көрө билген жана өз ордун аныктай алган окуу жайы болуп эсептелет.
№12 кесиптик лицейи өзүнүн 69 жылдык бай тажрыйбасында өзүнүн зор тарыхын, баалуулугун, традициясын жана ички корпоративдүү маданиятын түзө алды. Лицейди көптөгөн сыйлыктардын , мыкты жетекчи номинацияларынын бир нече жолку ээси, педагогика илимдеринин кандидаты Калмаматов Б.А. башкарат.
№12 кесиптик лицейинде:
Баштапкы кесиптик билим берүүнүн мыктылары — 14
Билим берүүнүн мыктылары — 5
«Новатордук идеялар үчүн» медалынын ээси — 1
Мамлекеттик сыйлыктын ээси — 1
«Жылдын мыкты мугалими» номинациясынын ээси — 5
Педагогика илимдеринин кандидаты – 1
2022-жылдын 12-апрелиндеги  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин №636/1буйругунун негизинде «Ош мамлекеттик университетинин №12 Keсиптик лицей» мекемеси болуп кайра каттоодон өттү.
№12 Кесиптик лицейи жогорку квалификациялуу жумушчу кадрларды даярдап чыгарууда. Бардык окуучулар акысыз тамак-аш, жатакана менен камсыз болгон.  Ошондой эле, жакшы окуган окуучулар стипендия алышат. 9-класстын базасында тапшырган окуучуларга окууну бүткөндөн кийин орто билим жөнүндө аттестат жана адистиги боюнча диплом берилет.
Лицейде 2 жылдык мөөнөт менен 3 кесипке даярдайт.
•    Тигүүчү, тигүү жабдууларынын оператору
•    Электр жана газ менен ширетүүчү
•    Ашпозчу, кондитер
10 айлык мөөнөт менен 6 кесипке окутуп жатат
•    Чачтарач-визажист
•    Тигүүчү-бычмачы
•    Ашпозчу, кондитер
•    Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электро монтер
•    Санитардык-техникалык, желдетүү системаларын жана жабдыктарын монтаждоочу; электр жана газ менен ширетүүчү

  •  Программалык камсыздоону иштеп чыгуучу.

2025-2026-окуу жылында заманбап окуу-өндүрүштүк устаканасы ишке берилди. Азыркы тапта устаканада 14 өндүрүштүк кааналарда 7 кесип боюнча окуучулар өндүрүштүк окутуу боюнча билим алышууда.