ЖАШ ЖООКЕРЛЕРГЕ КОШУМЧА КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРИЛҮҮДӨ

Бүгүн, 13-январдан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Республикалык өзүнчө куткаруу отряды мөөнөттөгү жоокерлерине кесиптик билим берүүнү баштады.
Кесиптик билим берүүнүн негизги максаты – мектеп босогосунан мекен алдында ак милдетин өтөө үчүн келген жаш жоокерлерге куткаруучулук вазыйпасынан сырткары кошумча адистикти үйрөтүү. Тагыраагы, бир жылдык аскердик мөөнөттү ийгиликтүү аяктаган соң шыгына ылайык окуп, үйрөнгөн алгачкы кесиптин ээси боло алышат.
Министр, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен кошумча кесиптик билим берүү 2023-жылдан тартып демилгеленген. Андан бери күч түзүмдөрүнүн ичинде биринчилерден болуп Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде кызмат өтөгөн мөөнөттүү аскер кызматкерлер жыл сайын кызмат өтөө учурунда кошумча адистике ээ болуп жатышат.
Жаш жоокерлерди окутуу үчүн быйыл дагы Ош мамлекеттик №12 кесиптик лицейи менен түзүлгөн келишим жаңыланды. Алсак, ашпозчу, ширетүүчү, сантехник, электрик кесиптери боюнча 3 айлык мөөнөттө теориялык жана тажрыйбалык сабактар өткөрүлмөкчү.
Учурда бул кесиптерге суроо-талап өсүүдө. Андыктан аскер бөлүктүн жоокерлери ар жылы үйлөрүнө алгачкы кесиптин сертификаттары менен кайтышат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
и ещё 6
Все реакции:

126